ДЕЛЬТАПЛАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕЛЬТАПЛА́Н (dtlta – грек алфавитинин 4-там­гасы ж-а planum – жалпактык) – моторсуз учуу­чу аппарат. Анын көрүнүшү гректин ∆ (дельта) тамгасына түспөлдөш болот. Адегенде дөӊсөө жерден гана учат. Тыгыз кездеме (мис., лавсан, дакрон) м-н капталган ичке (30–40 мм) металл түтүкчөлөрдөн түзүлүп, парустун шамал м-н кез­дешүүсүнөн пайда болгон көтөрүү күчүнүн эсеби­нен абада кармалып турат. Салм. 16–20 кг. Ка­наттын астына рулдук башкаруучу трапеция (башкаруу туткасы) м-н асма система (учкуч­тун орду) орнотулат. Учуу учурунда учкуч – тра­пеция б-ча солго, оӊго, алдыга же артка орду­нан жылып, Д-ды теӊ салмактуулуктан чыга­рат. Ошонун натыйжасында анын учуу багы­ты өзгөрөт. Мотору чакан (10–15 кВт) болгон Д-ды мотодельтаплан деп аташат. Теӊ салмак­туулук идеясы немис инж. О. Лилиенталга таан­дык (1981). Алгачкы Д-ды 1951-ж. амер. Ф. Ре­гало жасаган. Анын констр-сы б-ча бир нече Д. жасалып, абага көтөрүлгөн.