ДЕЛЬТА-ФУНКЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕ́ЛЬТА-ФУ́НКЦИЯ , δ – ф у н к ц и я, Д и­р а к δ – ф у н к ц и я с ы, δ(x) – мейкиндиктин бир чекитине топтолгон физ. чоӊдуктардын (масса, заряд, күч ж. б.) мейкиндиктеги тыгыз­дыгын аныктоого мүмкүндүк берүүчү функция. Матем. физиканын эсептерин чыгарууда кол­донулат. x≠0 болсо, δ(x)=0, ал эми x=0 болсо,

δ(x) = ∞ болот. Демек δ-функция х=0 чекитине топтолгон бирдик массанын тыгыздыгын берет. Каалаган интервал б-ча тыгыздыктан алынган интеграл ошол интервалдагы массаны берет, б. а. +∞ – ∞ δ(x)dx = 1 . Д.-ф-ны δ – функция ж а л п ы­л а н г а н ф у н к ц и я. Аны кээде кадимки функциянын предели катары кароого болот. f (х) кадимки функциялардын удаалаштыгы болсо, анда ε→0 учурунда каалагандай δ(x) функция­сы үчүн ∫ δ(x)δ(x)dx=δ(0) предели аткарылат. Бул учур δ – функциясынын так аныктамасы ката­ры каралат. Д.-ф-ны илимге англ. физик П. Дирак (20-к-дын 20-ж-нын акырында) киргиз­ген.

Ад.: Гельфонд И. М., Шилов Г. Е. Обобщенные функ­ции и действия над ними. М., 1958. Б. К. Темиров.