ДЕЛЬФИНАРИЙ
ДЕЛЬФИНА́РИЙ – деӊиз суусу толтурулуп, дельфиндерди изилдөө, үйрөтүү, келгендерге көрсөтүү үчүн курулган чоӊ аквариум (океанариум). Алгачкы Д. АКШда 1938-ж. курулган, азыр АКШ, Япония, Кытай, Англия, Түш. Африка, Канада, Австралия, Жаӊы Зеландия, Германия, Дания, Норвегия, Украина (Крымда) ж. б. өлкөлөрдө бар.