ДЕЛЮВИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕЛЮ́ВИЙ (лат. deluo – жууйм), д е л ю в и й ч ө к м ө л ө р ү – жаан-чачын суулары м-н агып же оордук күчүнүн таасиринен каптал ыл­дый кулап, тоо этегине жыйналган борпоӊ тоо­тек шилендиси. Д-дин курамында чопо, кум, кырдуу кесек таштар аралаш жатат. Таштар­дын өлчөмү ар кандай, петрогр. курамы Д-дин үстүнкү кабатында жаткан кабаттуу чулу тоо­тектерге байланыштуу. Д-де көбүнчө алтын, ка­лай, вольфрам ж. б. металлдардын чачынды кен­дери болот. Д. чополору кыш даярдоодо кеӊи­ри пайдаланылат, к. Чөкмө тоотектери.