ДЕМАГОГИЯ
ДЕМАГО́ГИЯ (гр. demagogia, demos – эл, fgo – ээрчитем) – сөз жүзүндө элдин таламын талашымыш болуп, иш жүзүндө башка максатты (жакшы көрүнүү же башка мүдөө үчүн) көздөгөн иш-аракет. Д. көшөкөрдүк түшүнүгүнө жакын. Калктын көйгөйлөрүн, муктаждыктарын реалдуу суроо-талаптарын алдын ала билип алып, ошолорду ишке ашыруу керек деген ураанга жамынып, өзүнүн (топтун) социалдык же саясий максатын көздөгөн ач көздүк аракеттери м-н белгилүү болгон, өзүнүн накта жүзүн, чыныгы максаттарын жашырган көшөкөр саясатчылар Д-нын «чеберлери» да болушат. Алар калпты чындай кылып айтууга, жарамсыз нерсени кооздоп, жарактуу кылып көрсөтүүгө, көз көрүнөө алдоого, элдин ишенимине кирип, аны өз максатына кыянаттык м-н пайдаланууга өтө маш келишет.