ДЕМ АЛУУ
ДЕМ АЛУУ – жаныбар м-н өсүмдүк организмине айлана-чөйрөдөн кычкылтекти сиӊирип, заталмашуунун акыркы продуктусу болгон көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну камсыз кылуучу физиол. процесстердин жыйындысы. Бул процессте организмдин тиричилигине керектүү энергия бөлүнүп чыгат. Татаал ферменттик процесстерден улам организмде орг. заттар (углевод, май, белок) процесси жүрөт да, ал Д. а-нун негизин түзөт. Ж а н ы б а р л а р д ы н Д. а-су. Бир клеткалуу ж-а кээ бир майда жаныбарларда кычкылтек м-н көмүр кычкыл газы дененин бүткүл сырткы бети аркылуу өтөт. Татаал түзүлүштүү организмде кычкылтек тышкы чөйрөдөн атайын дем алуу органдары (өпкө, бакалоор) аркылуу канга өтүп, андан тышка көмүр кычкыл газы түрүндө бөлүнүп чыгат (сырткы Д.). Сырткы Д. а. адамда ж-а сүт эмүүчүлөрдө көкүрөк клеткасынын көлөмүнүн өзгөрүшү (дем алуу, дем чыгаруу) м-н болот. Анда өпкөнүн альвеолаларында кычкылтек ж-а көмүр кычкыл газынын парциалдык басымы дайыма сакталат. Адамдын Д. а-су атм. абасы м-н өпкө альвеола абасынын ортосундагы алмашууну, альвеола абасы м-н кандын ортосундагы газ алмашууну, кан аркылуу газдарды ташуу, кан м-н ткандын
ортосундагы газ алмашууну ж-а клеткалык Д. а-нун механизмин камтыйт. Сырткы Д. а-ну сүйрү мээдеги борбору башкарат. Клетка ж-а ткандын кычкылтекти керектеши аларда көмүр кычкыл газынын пайда болушу ткандык Д-нун негизин түзөт. Окистенүү процессинде орг. заттардан суутек бөлүнүп, ткандарга кирген кычкылтек м-н кошулат (ткандык Д. а.). Ө с ү мд ү к т ө р д ү н Д. а-су. Өсүмдүк бардык органы, тканы ж-а клеткасы м-н дем алат. Д. а-нун ылдамдыгы бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газы м-н сиӊирилген кычкылтек санына карай аныкталат. Д. а. жаш өсүмдүктүн өсүүчү органдары м-н ткандарында күчтүү, репродукция органдары м-н жалбыракта активдүү, сабак м-н тамырда начар өтөт. Жарыкта өсүүчү өсүмдүккө караганда көлөкөдөгүлөрү – начар, бактериялар, көк зеӊкерлер өтө активдүү дем алат. Темп-ра жогорулаган сайын Д. а. күчөйт. Кыштоочу өсүмдүк ткандарында да Д. а. жүрөт, кээ бир физ.-хим. козгоолор (жаралануу, айрым уу заттары, наркотиктер) аны ылдамдатат. Кургак урукка караганда нымдалган, көптүрүлгөн, өнө баштаган урукта Д. а. жүз, миӊ эсеге көп. Активдүү өсүү мезгили бүткөндөн кийин Д. а. жайланат, урук, мөмө бышкан мезгилде анын ылдамдыгы азаят.
Ад.: Биохимия клеточного дыхания. М., 1960; Курс физиологии растений. 3-е изд., М., 1971.