ДЕМ АЛУУ ОРГАНДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМ АЛУУ ОРГАНДАРЫ – организм м-н тыш­кы чөйрөнүн ортосундагы газ алмашуу кызма­тын аткаруучу органдар. Д. а. о. кычкылтекти атм-дагы абадан эркин же сууда эриген абалда алган жаныбарларда гана болот. Анаэробдордун,

Дем алуу органдары: 1 – мурун көӊдөйү; 2 – катуу таӊдай; 3 – ооз көӊдөйү; 4 – кулкун; 5 – кулкундун ооз бөлүгү; 6 – коко жапкыч; 7 – коко; 8 – кызылөӊгөч; 9 – кекиртек; 10 – сол өпкөнүн жогорку учу; 11 – сол өпкө; 12 – ири сол бронх; 13 – өпкө альвео­ласы; 14 – майда бронхтор; 15 – тил.

көпчүлүк жөнөкөй аэробдордун (жөнөкөйлөр, былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр ж. б-дын) Д. а. о. болбойт, аларда дем алуу териси аркы­луу диффузия жолу м-н жүрөт. Д. а. о. түрдүү организмде ар башка түзүлүштө болот. Абадан дем алуучулардын Д. а. о. – өпкө ж-а кекиртек, ал эми суудан дем алуучуларда – бакалоор. Бар­дык жерде-сууда жашоочулар, канаттуулар, сүт­эмүүчүлөр, кээ бир балыктар – өпкөсү, көпчүлүк балыктар, айрым жерде-сууда жашоочулардын личинкасы, үлүлдөр бакалоору м-н дем алышат. Алгачкы Д. а. о. муунак курттарда бакалоор түрүндө пайда болгон. Сууда газ алмашууга ба­калоордон башка ктенидия да катышат. Кээ бир балыктарда (кычкылтеги аз баткактуу көлмөдө жашаган) бакалооруна кошумча Д. а. о. өөрчүйт, о. эле арткы ичегинин кээ бир бөлүгү (кээ бир жаян сымалдар) да дем алууга катышат. Адам­да Д. а. о. аба өткөрүүчү жолдордон (мурун, коко, кекиртек, бронхтор) ж-а өпкөдөн турат.