ДЕМАРКАЦИЯ ЧЕГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМАРКА́ЦИЯ ЧЕГИ – 1) согуш ишинде – со­гушкан мамлекеттер тынчтык келишим же ма­кулдашуу жолу м-н туруктуу чек ара коюуну чечкенге чейинки убактылуу элдешүү учурун­дагы алардын аскерлерин бөлүп туруучу чек; 2) жеӊилген мамлекеттин аймагындагы басып алынган жерге салынган чек; 3) коӊшу мамле­кеттер талашкан аймакка убактылуу коюлган чек. Д. ч. согушкандардын ортосунда өзгөчө ма­кулдашуу м-н аныкталып, чектеш мамлекеттер­дин аралаш комиссиясы белгилейт. 4) медици­нада – денедеги же организмдеги кабылдап кет­кен жерди таза ткандан бөлүп турган, гранул­дашкан ткань тилкеси.