ДЕМИУРГ
ДЕМИУ́РГ (гр. demiurgos – уста, кол өнөрчү, жаратман) – 1) Байыркы Грекиядагы кол өнөрчүлөр, эркин кесиптеги адамдар; 2) Платондун философиясында түзүүчү, алгачкы башталма. Д. дүйнөнү «жок нерседен» жараткан деген христиандык Кудайдан айырмаланып, реалдуу дүйнөнү алгачкы хаостон же затбашаттан жараткан делет; теологияда Д. – Кудай, дүйнөнү жаратуучу деп кабылданган.