ДЕМОБИЛИЗАЦИЯ
ДЕМОБИЛИЗА́ЦИЯ (де... ж-а лат. mobiliser – кыймылдуу дегенден) – куралдуу күчтөрдү ж-а чарбанын бардык тармактарын согуш абалынан тынчтык абалына өткөрүү. Д. аскер кызматындагыларды куралдуу күчтөрдөн бошотуу, куралдуу күчтөрдүн санын азайтуу, аскер өндүрүшүн кыскартуу, эмгек ж-а финансы фондусун кайра бөлүштүрүү, транспорт, байланыш, ил. уюмдар ж. б-дын иштерин өзгөртүүнү камтыйт. Д. мамл. жогорку бийликтин чечими м-н жүргүзүлөт.