ДЕМОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМОГРА́ФИЯ (гр. demos – эл ж-а ...графия) – калктын коомдук-тарыхый шартка жараша өнүгүү мыйзам ченеми ж-дөгү илим; коомдук илимдерге кирет. Ал негизинен калктын өсүшүн, муун алмашуусунун негизинде элдин жаӊыла­нып турушун изилдейт. Элдин саны өлүм-жи­тим, жаӊы төрөлгөндөр ж. б. натыйжасында өзгөрүп турат: айрым аймактын калкына эл кошулат (иммиграция), башка жакка көчүп кетет (эмиграция). Андан тышкары: адам үй­лөнөт, ажырашат, балалуу болот, улгаят, би­лими жогорулайт, адистиги, социалдык абалы алмашат. Д. калктын ж-а анын айрым топто­рунун жаӊыланышынын динамикасын Д-лык процесстерди (калктын табигый кыймыл про­цесстери) талдоо аркылуу айкындайт. О. эле Д. калктын курактык-жыныстык, нике ж-а үй­бүлөлүк түзүлүштөгү өзгөрүүлөрүн, калк саны­нын жалпы мыйзам ченемдүү өзгөрүүлөрүн да изилдейт. Д. илиминин негиздөөчүсү англ. илимпоз Жон Граунт (1620–74) болгон. Россия­да биринчи Д-лык эмгек Д. Бернуллиге таан­дык. Д-лык изилдөөлөр анда жүрүп турган процесстердин тенденциялары м-н факторлорун белгилүү аймакта ж-а түрдүү мезгилде изилдөөгө багытталган. Д. төрөлгөндөр м-н өлгөндөрдүн санынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, прогноз түзөт. Калктын саны м-н түзүлүшү ж-дө болжолдуу ж-а чыныгы материалдар Д-лык саясаттын өзө­гүн түзөт. Д-да калк ж-дө маалыматты топтоп, аны тандап ж-а өзгөчө бөлүмдү (демогр. ста­тистика) түзгөн статистикалык ыкмалар негиз­ги орунга ээ. Д-лык процесстердин байланышы ж-дө сандык мүнөздөмөлөр матем. түрдүү ык­малар м-н жүзөгө ашат. О. эле графиктик ык­малар кеӊири колдонулат. Ал эми Д-лык про­цесстер м-н айрым аймактардын түзүлүштөрүн салыштыруу картогр. изилдөө ыкмасы аркылуу ишке ашырылат. Андан тышкары Д. калкты иликтеген илимдердин изилдөөлөрүнүн жыйын­тыгы м-н ыкмаларын да колдонот. Мис., Д-лык процесстердин социал. мүнөздөгү аспектилери Д-нын социология, антропология ж-а мед. гео­графия м-н тыгыз байланышта экендигин ай­гинелейт. Калктын отурукташуусу, миграция­сы ж. б. Д-лык процесстер Д-ны калк география­сы, этностук өзгөчөлүктөрү, этнография, аймак­тарда калкты отурукташтырууга багытталган изилдөөлөр – геодемография (калк география­сы м-н Д-нын айкалышынан пайда болуп, гео­демогр. абалды ил. изилдөөгө арналган жаӊы ил. багыт) м-н байланыштырат. Т. Ниязов.