ДЕМОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕ́МОН (гр. daimōn – теӊирчилик, рух) – 1) ба­йыркы грек дининде ж-а мифологиясында баш­ка кудайлардан адамга окшобогондугу менен айырмаланган кудай; ар кандай диндерде кол­доочу рух. ар түрдүү ниеттеринин орундалышы­на жардам берет же тоскоолдук кылат; христи­ан дининде шайтан, азезил; 2) программалоочу сервердин эсинде орнотулуп, дайыма тапшыр­ма аткаруучу программа. Ушундай программа кардар ж-а сервер катнашында талаптарды иш­тетүүдө колдонулат. Мис., электрон почтасынын Д-у же «шайтаны».