ДЕМОНОПОЛИ ЗАЦИ Я

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМОНОПОЛИ ЗА́ЦИ Я – ат аандаштыкт ы өнүктүрүүгө багытталган ж-а монополиянын функциясын чектөөчү экономикалык саясат­тын чегиндеги иш-чара жыйындысы. Д., адат­та, мамлекеттин эки багытта жүзөгө ашырылуу­чу монополияга каршы саясатынын натыйжа­сы болуп саналат. Биринчи багыт рынокторду ырааттуу эркин коё берүүнү түшүндүрөт. Жөнгө салуунун бул ыкмасы монополияга каршы ал­дын алуу чарасы катары колдонулат. Ал ири бизнес үчүн пайдасыз болууну көздөйт. Ошону м-н катар эле чакан ж-а орто бизнести колдойт. Д-нын экинчи багыты монополияга таасир этүү ыкмаларын бириктирет. Ал монополияга адм. көзөмөл чараларын камтыйт, а. и.‚ эгер моно­полияга каршы мыйзамдар аткарылбаса‚ баа­ны жөнгө салуу‚ продукциянын көлөмү ж-а са­паты‚ финансы санкциялары колдонулат. Кырг­нда мамл. монополизм үстөмдүк кылып келген­диктен‚ ал өзүнчө өзгөчөлүккө ээ‚ ошондуктан Д. негизинен монополияга каршы тура турган атаандаш рынок структурасын түзүүгө ж-а өнүктүрүүгө багытталууга тийиш.