ДЕМОНСТРАЦИЯ ЫКМАСЫ
ДЕМОНСТРА́ЦИЯ ЫКМАСЫ б и л и м б е р ү үд ө – окуучуларды кээ бир предмет же кубулуш аркылуу көрсөтмөлүү окутуу. Тажрыйбаларды ж-а көрсөтмө окуу куралдарын көрсөтүүнү мугалим өзүнүн түшүндүрмөсүн далилдөө максатында пайдаланат, ошондуктан ал окуучулардын байкагычтыгын өнүктүрүү каражаты болуп саналат.