ДЕМОС
ДЕ́МОС (гр. demos – эл) – кеӊири маанисинде Байыркы Грекиядагы толук жарандык укукка ээ эркин эл (метек, периэк, кулдар ж. б. калктын укуксуз катмарларынан айырмаланат). Гомердик (б. з. ч. 11–9 к.) ж-а архаикалык (б. з. ч. 8–6-к.) доордо Г. ак сөөктөр евпатриддерден айырмаланган жөнөкөй эл массасы. Б. з. ч. 6–5-к-да кыштак эли, о. эле шаар калкынын бир бөлүгү (кол өнөрчүлөр, соодагерлер), ал эми б. з. ч. 5-к-дын аягы – 4-к-да нукура кедейлер (көбүнчө шаардыктар) Д. деп аталган.