ДЕМЯНЧУК
ДЕМЯ́НЧУК Григорий Степанович (1918, азыркы Жайыл р-ну, Сосновка айылы – 1970, Бишкек) – мамл. ж-а парт. ишмер. КАЧИни (1939), КПСС БКга караштуу Жогорку парт. мектепти (1958) бүткөн. 1939–48-ж. Ысык-Көл обл. ветеринария башкармалыгында начальник, 1948– 54-ж. Кара-Буура (мурдагы Киров) р-нундагы «Жоон-Дөбө» совхозунда башкы вет. врач, деректир, 1954–56-ж. Кырг-н КП БКда а. ч. бөлүм башчысынын, 1958–59-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, 1959-жылдан 1-орун басары, 1960–69-ж. Кыргыз ССР а. ч. министрлигинде, 1969–70-ж. Кыргыз ССР Элдик көзөмөл к-тинде жооптуу кызматтарда эмгектенген. Кызыл Жылдыз, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.