ДЕНЕ ТАРБИЯ СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕНЕ ТАРБИЯ СИСТЕМАСЫ – тарбиялоонун жалпы системасынын адамдын ден соолугун чыӊдоого ж-а дененин өсүшүнө арналган бөлүгү. Ал дене тарбиянын идеол., ил.-методикалык негиздерин, о. эле дене тарбия иштерин жүргүзүү­чү ж-а көзөмөлдөөчү уюмдардын, ишканалар­дын негизин түзөт. Ар бир экон. формацияда экон. түзүлүшкө ж-а коомдогу башкаруучу тап­тын идеологиясын чагылдырган дене тарбия сис­темалары түзүлгөн. Спарта дене тарбия сис­темасы б. з. ч. 8 – 9 к-да Спартада (Байыркы Грекия) тарбиялоонун ж-а окутуунун мамл. системасы болуп эсептелет. Анын максаты кул ээлөөчүлүк түзүлүшкө берилген күчтүү, турук­туу, эр жүрөк, кайраттуу, аскерди даярдоо бол­гон. Совет өкмөтүнүн алгачкы жылдарында «Спартак» Д. т. с. пайда болгон. Бул система­нын авторлору Д. А. Крадман, В. Н. Песков ж-а М. Г. Собецкий чет өлкө системасын колдо­нуу керек, б. а. спорттун бир түрү м-н көп ма­шыгууга болбойт деп үгүттөшкөн. Сов. Д. т. с. СССРде Октябрь рев-ясынан кийин түзүлүп, эм­гекчилерди физ. жактан өсүп-өнүктүрүүгө, дени сак жаш муундарды тарбиялоого чоӊ көӊүл бур­ган. Окумуштуу А. А. Зикмунддун жетекчили­ги астында «Советтик дене тарбия системасы» деген дене тарбия б-ча ил. адистерден турган топ түзүлүп, турмуш ж-а эмгек гигиенасы, табият күчтөрүн колдонуу, эмгек кыймылдары, дене тарбиялык көнүгүүлөр б-ча иш жүргүзүлгөн. Сов. педагог П. Ф. Лесгафттын Д. т. с. көрүнүктүү орунду ээлейт. Ал «Мектеп жашындагы балдар үчүн дене тарбия боюнча жетектөө» деген ките­биндеги оюндарды баланы турмушка даярдай турган көнүгүүлөр м-н түшүндүргөн. Оюндар бал­дардын күчүнө ылайыктуу, туура, акырындык м-н өз учурунда татаалданып, эрежеси бузул­бастан туура аткарылышы зарыл ж-а оюнду балдар өздөрү уюштуруп, башкарганда гана на­тыйжалуу болорун белгилеген. Кырг-нда сов. Д. т. с-нын негиздери сакталып ж-а өнүгүп ке­лет, к. Дене тарбия, Спорт.