ДЕНОНСАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕНОНСА́ЦИЯ (фр. dtnonciation – кабарланды­руу, жараксыз деп табуу) – 1) эл аралык укукта мамлекет аралык келишимди түзгөн тараптар­дын биринин келишим талаптарын аткаруудан баш тартышы. Баш тарта турганы кат жүзүндө билдирилбесе, экинчи тарап үчүн келишимдин мөөнөтү аяктаганча күчүндө кала берет; 2) бир контрагент башкасына алардын ортосунда тү­зүлгөн келишимди ошол келишимде көрсөтүл­гөн тартипте ж-а мөөнөттө буза тургандыгын кабарлоосу.