ДЕӉГЭЭЛ ӨЛЧӨГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉГЭЭЛ ӨЛЧӨГҮЧ – деӊиз, көл, бассейн суу­сунун, жабык, ачык идиштеги, резервуардагы (казан, бак, ванна) суюктуктун деӊгээлин анык­тоочу прибор. Д. ө-түн көп түрү бар: сызыктуу (суюктуктун деӊгээли рейка м-н өлчөнөт), кал­кыма, гидростатикалык (манометрдин принци­би б-ча); электрдик (контакттардын тийиши аркылуу); фотоэлектрдик (фотоэлементке түшүү­чү жарыкка негизделген), радиоактивдүү изотоп­тук (изотоптордун нурланышы б-ча), салмак­тык (суюктук куюлган идиштин салмагына жараша), иондоштурулган ж. б. Суюктук деӊ- гээлинин көрсөткүчтөрүн алыс аралыкка берүү­дө Д. ө. билдиргич же каттоочу курал м-н жаб­дылат.