ДЕӉИЗ АГЫМДАРЫ
ДЕӉИЗ АГЫМДАРЫ , о к е а н а г ы м д а-р ы – океан м-н деӊиздерде суунун түрдүү күчтөрдүн (гравитациялык, сүрүлүү, ташкын пайда кылуучу) таасири астында бир тарапты багыттап жылышы. Алар Дүйнөлүк океандын
суу режиминде ж-а деӊизде сүзүүдө мааниси зор: суу алмашып аралашууга, жылуулуктун таралышына, материк жээктеринин калыптанышына, порттордун акваториясынын тайызданышына, калкыма муздардын таралышына, о. эле Жер шарынын айрым бөлүктөрүнүн климатына тийгизген таасири зор. Д. а. шамалдын таасиринен, суунун тыгыздыгы м-н деӊгээлинин айырмачылыгынан пайда болгон, байкалган мөөнөтү б-ча – туруктуу, убактылуу, мезгил-мезгили м-н байкалуучу, жылына багытын эки жолу өзгөртүүчү (муссон шамалдарына байланыштуу); байкалган орду б-ча – үстүнкү, астынкы, тереӊдиктеги ж-а түпкү агым; физ.-хим. касиеттери б-ча – жылуу (Гольфстрим, Куросио ж. б.), муздак (Бенгал, Канар ж. б.), бейтарап, туздуу ж-а мала туздуу; кыймылга келүү мүнөзү б-ча – түз сызыктуу, циклондук ж-а антициклондук ж. б. агымдарга бөлүнөт. Д. а-нын багытына Жердин өз огунда айлануу күчү (Кариолис күчү) да таасирин тийгизет; түн. жарым шарда оӊ тарапка, түштүктө сол тарапка ооп агат. О. эле Д. а-на жээк тилкесинин орун алышы ж-а суу түбүндөгү рельефтин түзүлүшү да таасир этет. Көп учурда Д. а. океандарда жогоруда аталган факторлордун биринен гана эмес, көпчүлүгүнүн айкалышынан пайда болот.