ДЕӉИЗ ДЕӉГЭЭЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉИЗ ДЕӉГЭЭЛИ – Дүйнөлүк океандын тынч абалдагы орт. деӊгээлин билгизген (нөл гори­зонту катары эсептелген) шарттуу белги. Д. д. жер бетинин Дүйнөлүк океандан бийиктигин ченөөгө мүмкүнчүлүк берет. Деӊиздин толкушу, ташкындашы, деӊиздин үстүнкү бетинин жы­лышы ж-а муздашы, атм. басымдын туруксуз­дугу, жаан-чачын м-н буулануу ар кандай күч­төрдүн таасиринен өзгөрүп турат. Д. д. «көз ир­мемдик», ташкындык, орт. суткалык, орт. ай­лык, орт. жылдык ж-а орт. көп жылдык болуп бөлүнөт. КМШ аймагында Д. д. катары Балти­ка деӊизинин (Финн булуӊу) Кронштадттагы футшток нөлүнөн алынган. Ушул деӊгээлден тартып КМШ өлкөлөрүнүн жеринин бетинин бийиктиктери өлчөнөт. Кырг-ндын деӊиз деӊг. орт. бийикт. 2750 м, эӊ бийик жери 7439 м (Какшаалдагы Жеӊиш чокусу), эӊ жапыз жери 401 м (Лейлек р-нунун аймагында).