ДЕӉИЗ ДЕӉГЭЭЛИ
ДЕӉИЗ ДЕӉГЭЭЛИ – Дүйнөлүк океандын тынч абалдагы орт. деӊгээлин билгизген (нөл горизонту катары эсептелген) шарттуу белги. Д. д. жер бетинин Дүйнөлүк океандан бийиктигин ченөөгө мүмкүнчүлүк берет. Деӊиздин толкушу, ташкындашы, деӊиздин үстүнкү бетинин жылышы ж-а муздашы, атм. басымдын туруксуздугу, жаан-чачын м-н буулануу ар кандай күчтөрдүн таасиринен өзгөрүп турат. Д. д. «көз ирмемдик», ташкындык, орт. суткалык, орт. айлык, орт. жылдык ж-а орт. көп жылдык болуп бөлүнөт. КМШ аймагында Д. д. катары Балтика деӊизинин (Финн булуӊу) Кронштадттагы футшток нөлүнөн алынган. Ушул деӊгээлден тартып КМШ өлкөлөрүнүн жеринин бетинин бийиктиктери өлчөнөт. Кырг-ндын деӊиз деӊг. орт. бийикт. 2750 м, эӊ бийик жери 7439 м (Какшаалдагы Жеӊиш чокусу), эӊ жапыз жери 401 м (Лейлек р-нунун аймагында).