ДЕӉИЗ КИРПИЛЕРИ
ДЕӉИЗ КИРПИЛЕРИ (Echinoidea) – омурткасыз
жаныбарлардын ийне терилүүлөр тибиндеги классы. Денеси шар сымал, жалпак же жүрөк сымал. Сырты көптөгөн тикенектүү бири-бири м-н жабышып калган ак таш кабыктуу чопкут м-н капталган. Анда кыймылдуу ийнелери бар.
Чопкуттун диаметри 2–3 ммден 30 смге чейин.
Айрым жыныстуу, жумурткасын сууга чачат. Кээ бирлери тирүүлөй тууйт. Балырлар м-н азыктанат. Океан, деӊиздерде 800 түрү белгилүү. Крабдарга, балыктарга, күрөк буттууларга, деӊиз канаттууларына азык болушат. Кээ бир тайыз сууда жашагандары икрасы үчүн кармалат. Кээ бир тропиктик түрлөрү адам үчүн да коркунучтуу, алардын ийнелери 25 смге чейин кирип, абдан ооруксунтат.