ДЕӉИЗ КОЁНЕКТЕРИ
ДЕӉИЗ КОЁНЕКТЕРИ (Aplysia) – арткы бакалоорлуу моллюскалар уруусу. Денесинин уз. 40 смге жетет, ачык түстө. Башында 2 жуп тинтүүрүнүн арткысы коёндун кулагына окшош. Капталындагы буттары жогору сүзүүгө жардам берет. Чоӊдорунун раковинасы жука пластинка түрүндө болуп, мантия м-н жабышып турат. Мантия көӊдөйүндө аларды бирөө тынчсыздандырганда ачык кызыл түстөгү уулуу суюктукту бөлүп чыгаруучу бездери бар. Алардын 35ке жакын түрлөрү тропик ж-а субтропик деӊиздеринде жашайт. Өсүмдүк м-н азыктанат.