ДЕӉИЗ ЛИЛИЯСЫ
ДЕӉИЗ ЛИЛИЯСЫ (Crinoidea) – омурткасыз жаныбарлырдын ийне терилүүлөр тибиндеги классы. Деӊиз түбүндө эркин жүргөн же бир нерсеге бекиген гүлгө окшош жандык. Денеси чөйчөктөй, ортосунда оозу жайгашкан. Чөйчөкчөнүн түбүнөн өсүп чыккан канатка окшош бутактанган сабактары м-н майда планктондорду
кармап жейт. 700дөн ашык түрү бар. Тропик деӊиздеринде кеӊири таралган.