ДЕӉИЗ ТАШ БАКАЛАРЫ
ДЕӉИЗ ТАШ БАКАЛАРЫ (Cheloniidae) – таш бакалардын түркүмү. Жумурткалоо үчүн гана деӊиз жээгине чыгып, калган мезгилде бүт сууда жашоочу ири жаныбар. Калканы анча бийик эмес келип, сүзүүгө ылайыкталган. Кыска мойнундагы башы чопкуттун алдына толук жашырылбайт. Буттары калак сымал, алдыӊкылары арткысынан узун. Алардын белгилүү 4 уруусунун бирден түрү бар. Ж а ш ы л т а ш б а к а – эӊ чоӊ, калканынын уз. 1,4 м, салм. 400 кгга жетет. Эти даамдуу, жумурткасы тамак катары пайдаланылат. Д. т. суу тереӊдигинде жакшы сүзөт, чумкуйт, азык ж-а көбөйүү үчүн ыӊгайлуу жай издеп, 2000 кмге чейин сүзүп барат. Алар 200гө чейин жумуртка тууйт. Де- ӊиз балырлары, моллюскалар, балыктар, рак сыяктуулар ж. б. м-н азыктанат. Саны азаюуда. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.