ДЕӉИЗ ТОЗОТУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉИЗ ТОЗОТУ – аскер деӊиз флотундагы кай­гуул кызматынын жалпы тутумундагы кеме ж-а жээк объектилерин коргоонун түрү. Душ­мандын пайда болушун алдын ала билдирет, анын кеме ж-а жээк объектилерине кирүүсүн токтотот. Д. т. алыскы ж-а жакынкы, кыймыл­дуу ж-а кыймылсыз, кемелик, катердик, мина­лык ж-а авиац. болуп бөлүнөт. Д. т. өзүнүн тап­шырмасын издөө ж-а байкоо жолу м-н аткарат.