ДЕӉИЗ ТОЛКУНДАРЫ
ДЕӉИЗ ТОЛКУНДАРЫ – кокусунан болуп туруучу күчтөрдүн (абанын басымы, шамал, жанар тоолордун атылышы, суу астындагы жер титирөө, деӊиз кемелеринин жүрүшү) же Күн ж-а Айдын суу ташкынын пайда кылуучу тартуу күчүнүн таасири м-н океан, деӊиздердеги суунун термелүү кыймылы. Толкундар суу бетинде биринин артынан бири төө өркөч болуп кыймылдайт. Толкундун эӊ төмөнкү бөлүгү негизги, эӊ жогорку чекити, кыры, кырынан негизине чейинки аралык анын бийиктиги, эки толкундун ортосу узундугу, ал эми толкундун узундугуна барабар аралыкты өтүүгө кеткен убакыт анын мезгили, белгилүү убакыт бирдигинде (сек) өткөн аралык толкундун ылдамдыгы деп аталат. Д. т-нын көлөмү ар түрдүү: кээде анын бийикт. 13–15 м, деӊиз титирегенде 50 м, таралыш ылдамдыгы 14–15 м/секга, уз. 400 мге чейин жетет. Таасир эткен күчтөргө карата толкундар шамал, ташкын, сейсмдик, басымдык Д. т.; ээлеген абалына карай үстүнкү ж-а тереӊдиктеги Д. т.; толкун узундугунун деӊиздин тереӊдигине болгон катышы б-ча узун ж-а кыска Д. т.; таасир эткен салыштырма күчтөргө жараша аргасыз ж-а эркин Д. т-на бөлүнөт. Формасы ж-а аянты б-ча туура ж-а туура эмес, умтулган ж-а ордунда турган Д. т. болот. Толкундарды изилдөө атайы куралдардын, приборлордун (мореграф ж. б.) жардамы м-н кемеде, деӊиз жээктеринде жүргүзүлөт. Кээ бир өлкөлөрдө толкундардын кубатына негизделген электр станциялары курулган. Дүйнөдө сейши, цунами өӊдүү күчтүү толкундар болот.