ДЕӉИЗ ЧӨКМӨЛӨРҮ
ДЕӉИЗ ЧӨКМӨЛӨРҮ – деӊиз, океан түбүндө чөкмөлөрдүн жыйылышынан пайда болгон тоотек катмарлары. Алар кургактыктан дарыя агымы, шамал, жээктердеги суу толкуну м-н сүрүлүп келген заттардан, деӊизде жашаган организм калдыктарынан, хим. жол м-н пайда болгон минералдардан ж-а суу астындагы жанар тоо бүркүндүлөрүнөн түзүлөт. Д. ч-ндөгү бөлүкчөлөр: терриген (тоотектердин талкаланып үбөлөнүшүнөн), биоген (деӊиз организмдеринин скелет ж-а кабык калдыктарынан) ж-а хемоген (деӊиз сууларында туздардын чөгүшүнөн же де- ӊиз түбүндө жүргөн хим. процесстерден) жолдору м-н пайда болот. Пайда болуу тереӊдигине жараша литораль, нерит, батиаль ж-а абиссаль чөкмөлөрү болуп бөлүнөт. Мех. курамы б-ча Д. ч. кум, ылайлуу кум, алевролит ж-а ылайлардан турат. Д. ч. диагенездин натыйжасында катуу чөкмө тектерге айланат. Кырг-нда байыркы Д. ч. геол. мезгилдердин дээрлик бардыгында (мезозой ж-а кайнозой замандарынан башка) кеӊири таралган. Алар м-н Теӊир тоонун темир, марганец, коргошун, пирит, фосфорит, боксит, нефть ж-а газдын кендери байланыштуу.
Ад.: Страхов Н. М. Основы теории литогенеза. Т. 1–3-е, М., 1962; Швецов М. С. Петрография осадочных пород. 3-е изд., М.; Л., 1958; Крашенинников Г. Ф. Учение о фациях. М., 1971.