ДЕПОЗИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕПОЗИ́Т (лат. depositum – сактоого берилген буюм) – 1) банк кардарларынын белгилүү бир талаптарын ырастоочу банк китебиндеги жазуу; 2) банкка жеке адамдын же юрид. жактын аты­нан сактоого жайгаштырылып‚ ээси тарабынан эсеп үчүн пайдаланылышы‚ о. эле накталай алып коюлушу мүмкүн болгон акча каражатта­ры же баалуу кагаздар; 3) бажы жыйымдарын ж-а салыктарын төлөө үчүн бажы мекемелери­не төгүм; 4) доону‚ сотко келүүнү ж. б. камсыз кылуучу соттук ж-а адм. мекемелерге төгүлгөн акча каражаттары.