ДЕПУТАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕПУТА́Т – (лат. deputatus – жиберилген, жөнөтүлгөн) – мамлекеттин мыйзам чыгаруучу же жерг. өз алдынча башкаруунун бийлик орган­дарына эл тарабынан шайланган өкүл. Д. жал­пы, теӊ ж-а тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү м-н расасына, улутуна, билимине, жынысына, ата-тегине, мүлк абалы­на карабастан шайланат. КР Жогорку Кеӊешине парт. тизме б-ча 5 жылдык мөөнөткө курагы 25тен жаш эмес, жерг. кеӊешке түздөн-түз 4 жылдык мөөнөт м-н 20 жашка толгон КРдин ар бир жараны Д. болуп шайлана алат. Д. ар дайым шайлоочулар м-н байланышта болуп, өзүнүн иши б-ча отёт берет. Жогорку Кеӊешке шайланган Д. кол тийбестик укугуна ээ.