ДЕРБИШЕВ
ДЕРБИШЕВ Канат [1891, Бишкек уезди, Кара- Балта болушу (азыркы Жайыл р-ну, Кызыл-Октябрь айылы) – 1976, ошол эле жер] – Кырг-нда Совет бийлигин орнотуу ж-а чыӊдоо үчүн күрөшкө катышуучу. Орус жерг. мектебинде окуган (1906). 1918-ж. Ак-Суу рев-ячыл-аскердик к-тинин төрагасынын орун басары болуп туруп, Ак-Суу козголоӊун басууга активдүү катышкан. 1919-ж. Баку (азыркы Жайыл р-ну) болуштук рев-ячыл аткомунун төрагасы болуп шайланган. 1920-ж. Ак-Суу болуштук к-тинде комиссардын орун басары, жарды-жалчы рев-ячыл к-тинде катчы-мүчө, 1921-жылдан Түркстан КПнын уездик-шаардык к-тинин окуу-бөлүштүрүү бөлүмүнүн, Бишкек уезддик жумушчу-дыйкан инспекциясынын арыздар бюросунун, партиянын Бишкек уезддик-шаардык к-тинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы. 1924-ж. үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысы, о. эле бюро мүчөсү болгон. 1925-ж. обл. партия к-ти тарабынан Түркстан Респ-нын БАКтын алдындагы өзгөчө комиссияга иштөөгө жиберилген. 1925-ж. Кара-Кыргыз АО-нун уюмдаштыруу съездине катышкан. 1926-ж. Жалал-Абадда, 1927-ж. Чүй кантонунда жерсуу комиссиясында иштеген. 1927-ж. Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездинде Кыргыз АССР БАКтын мүчөлүгүнө шайланган. 1928– 30-ж. «Кыргыз асыл тукум» трестинде деректирдин орун басары, 1931–33-ж. Алай-Гүлчө р-нунда иштеп, басмачылар м-н күрөшкө активдүү катышкан. 1934-ж. репрессияланып, партиянын катарынан чыгарылган. 1958-ж. 29-декабрда партиялуулугу калыбына келтирилип, акталган. Ысымы Жайыл р-нундагы Талды-Булак орто мектебине ж-а ал жердеги көчөгө ыйгарылган.