ДЕРКЕНБАЕВ Советбек Мусаевич
ДЕРКЕНБАЕВ Советбек Мусаевич (25.4.1953-ж. т., Нарын обл., Кочкор р-ну, Кочкор айылы) – а. ч. илимд. доктору (2007), проф. (2007). КАЧИни (1976), 1981-ж. Кыргыз мал чарба ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн. Кыргыз мал чарба ИИИде ил. кызматкер, улук ил. кызматкер, кийин жетектөөчү ил. кызматкер болуп иштеген. 1989-жылдан К. И. Скрябин атн. КАЧИде ассистент, 1991-жылдан улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы (2008). КРдин а. ч-нын отличниги. Ил. эмгектери уй өстүрүүнүн селекциялык ж-а ген. мүмкүнчүлүктөрүнө арналып, 62 ил. эмгеги, а. и. 2 монографиясы, 6 окуу куралы жарык көргөн.
Эмг.: Селекционно-генетические факторы улучшения продуктивности крупного рогатого скота в Кыргызстане. Б., 2005; Бодо мал өстүрүү. Б., 2006.