ДЕРМАТИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕРМАТИ́Т (гр. dtrma – тери) – теринин сезге­ниши. Оору физ. (рентген, күн нуру), хим. (ще­лочь, к-та), мех. таасирден пайда болот. Анын жөнөкөй ж-а өнөкөт түрү бар. Жөнөкөй түрүндө тери кызарып, ыйлаактайт, ал теринин ачык жеринде болот. Хим. заттар м-н иштегендерде көп жолугат. Өнөкөт Д. дүүлүктүргүчтүн көпкө чейин таасир эткенинен болуп, тери калыӊда­нып, көгөрөт. Дүүлүктүргүч таасир жоготулса, ал тез сакайып кетет. Белгилери ар түрдүү бо­лушу мүмкүн: дене ысыйт, дүүлүгөт, уйку ка­чат, нерв системасынын иши начарлайт ж. б. Алды м-н аны пайда кылган себептерди четтетүү зарыл. Алдын алууда санит.-гигиеналык чара­лар ж-а жумуш орундарын таза кармоо, желде-

түү, атайын кийимдер, көз айнек, тосмолор ж. б. колдонуу керек.