ДЕСАНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕСА́НТ (фр. descente – түшүрүү) – согуш жүргүзүү үчүн атайын даярдалган ж-а абадан ташталган же деӊизден душман аймагына түшүрүлгөн аскер бөлүгү. Курамы ж-а аткаруу­чу тапшырмалардын мүнөзү б-ча стратегиялык, тактикалык, атайын багыттагы ж-а көргөзмөлүү Д., ал эми жеткирүү ыкмалары ж-а каражатта­ры б-ча аба, деӊиз (дарыя, көл), танк ж-а кеме Д. болушу мүмкүн. Ал согуш максатына жетүүдө күжүрмөн тапшырмаларды аткарат. Д. аскер­лер душман ээлеген аймакка аба, суу жолдору аркылуу жеткирилет.