ДЕТАЛДАШТЫРУУ
ДЕТАЛДАШТЫРУУ к ө р к ө м с ү р ө т ө н өр ү н д ө – сүрөттү ар тараптан толуктоо үчүн ийне-жибине чейинки майда-чүйдөлөрдү бүт камтуу м-н бир нерсени аткаруу, тартуу (айрым учурда деталдаштырылган сүрөт тартууну «бүткөрүлгөн», «кооздолгон» деп туура эмес атап жүрүшөт). Деталдаштырылган аткарууну бир эле тех. көз караш м-н кароого болбойт, себеби ал мындай учурда ар кандай жыйынтыктарга алып келет. Д. бир эле учурда композициялык идеяга ачык-айкындыкты бере алат, анын идеялык элестүүлүгүн күчөтөт. Ф. Энгельс: «Реализм типтүү кырдаалдарда типтүү мүнөздөрдү чындыкта чагылдыруу м-н чыныгы деталдарды да өз ичине камтыйт»,– деген. Эгерде сүрөткер майдачүйдөгө көбүрөөк көӊүл бурса, анын натуралисттик мүнөздөгү ишин төмөндөтүүчү багыт пайда болот (к. Натурализм). Көчмө сүрөтчүлөрдүн живописи, ал эми өткөн заманда – алгачкы Кайра жаралуу доорунун көп сүрөтчүлөрүнүн иши Д-нун жемиштүү үлгүлөрүнөн болуп эсептелет.