ДЕТЕКТИВ АДАБИЯТ
ДЕТЕКТИ́В АДАБИЯТ (лат. detego – ачуу, иликтөө) – чаташкан ар түрдүү кырдаалдарга, дароо эле чечилбеген түйүндүү сырларга толгон, шумдуктуу, курч окуялардын ж-а мыкаачылык кылмыштын негизинде жазылган чыгармалар. Д. а-ттын пайда болуу тарыхы дүйнөлүк карымкатыш, соода-сатык күчөгөн кезде кылмышкерлер көбөйүп, адам өлтүрүү, талап-тоноо, бейкүнөө кордук тартуулар сыяктуу коомчулукту дүрбөткөн көптөгөн материалдардын басма сөздөрдө кеӊири жарыяланышына байланыштуу. Ад-ттын бул түрүнө амер. жазуучу Э. По (1809–49) негиз салган. 19-к-дагы Д. а-ттын көрүнүктүү өкүлдөрү: Э. Габорио, У. Коллинз (Франция), А. Конан-Дойл ж. б. Кыргыз жазма ад-тынын өнүгүш тарыхында саналуу гана жазуучулар бул жанрга кайрылышкан. Д. а-ттын айрым үлгүлөрү (мис., М. Жоошбаевдин «Канжар» повести) жарала баштады. Кийинчерээк бул жанрга Э. Өмүракунов («Жыландар ханышасы», 1994), М. Макенбаев («Прес-Хата», 1998), Ч. Абыке уулу («Бриллиант жылан», 1998) кайрылган. Ж. Медералиева.