ДЕТЕРГЕНТТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕТЕРГЕНТТЕР – тазалоочу заттардын аралаш­масы. Анын курамындагы кирди жакшы кетир­ген негизги элемент – тензид. Д-ге, о. эле сууну жумшартып, тензиддин таасирин күчөтүүчү, агартуучу заттар, ферменттер ж. б. кирет. Алар­ды тиричиликте кеӊири (идиш-аяктарды, кез­демелерди, автомобилдерди ж. б. жууганда) кол­донгондуктан, Д. таштанды сууларга кошулат.
Айыл чарбада пестициддерди эмульгациялоо үчүн пайдаланылгандыктан, топурак кыртышы­на ж-а жер асты сууларга топтоло баштайт. Ал эми ө. ж-луу шаарларда Д-ди колдонуудан агын­ды куурлар самын көбүгүнө толо баштайт. О. эле Д. жер астындагы сууларга да кошулуп кет­кен учурлар болгон. Д. балыктар, рак сымал­дар ж-а моллюскалар үчүн да коркунуч туудурат. Айрым Д. бузгуч касиеттерге ээ болуп, адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Д. өн­дүрүштө көп чыгарылып, тиричиликте кеӊири пайдаланылат. Тиричиликтеги, айрыкча балдар арасындагы көп кырсыктарга тазалоочу заттар себеп болот. Айрым өлкөлөрдө Д. ж-а тазалоочу заттар ж-дө атайын мыйзамдар кабыл алынып, экол. ж-а тиричиликтеги коопсуздук камсыз кылынат. Т. Ниязов.