ДЕТЕРГЕНТТЕР
ДЕТЕРГЕНТТЕР – тазалоочу заттардын аралашмасы. Анын курамындагы кирди жакшы кетирген негизги элемент – тензид. Д-ге, о. эле сууну жумшартып, тензиддин таасирин күчөтүүчү, агартуучу заттар, ферменттер ж. б. кирет. Аларды тиричиликте кеӊири (идиш-аяктарды, кездемелерди, автомобилдерди ж. б. жууганда) колдонгондуктан, Д. таштанды сууларга кошулат.
Айыл чарбада пестициддерди эмульгациялоо
үчүн пайдаланылгандыктан, топурак кыртышына ж-а жер асты сууларга топтоло баштайт. Ал эми ө. ж-луу шаарларда Д-ди колдонуудан агынды куурлар самын көбүгүнө толо баштайт. О. эле Д. жер астындагы сууларга да кошулуп кеткен учурлар болгон. Д. балыктар, рак сымалдар ж-а моллюскалар үчүн да коркунуч туудурат. Айрым Д. бузгуч касиеттерге ээ болуп, адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Д. өндүрүштө көп чыгарылып, тиричиликте кеӊири пайдаланылат. Тиричиликтеги, айрыкча балдар арасындагы көп кырсыктарга тазалоочу заттар себеп болот. Айрым өлкөлөрдө Д. ж-а тазалоочу заттар ж-дө атайын мыйзамдар кабыл алынып, экол. ж-а тиричиликтеги коопсуздук камсыз кылынат. Т. Ниязов.