ДЕТРОЙТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕТРОЙТ – АКШнын түндүгүндөгү шаар. Мичи­ган штатында, Гурон ж-а Эри көлдөрүнүн ара­лыгында. Улуу Көлдөрдөгү порт. Калкы 858,8 миӊ (2007; шаар айланасы м-н 4,6 млн, 1990). Авто­мобиль ө. ж-нын дүйнөдөгү ири борбору. Д-то ж-а анын айланасында «Форд», «Крайслер», «Женерал моторс» автомобиль монополиялары­нын башкы ө. ж. ишканалары, башкармасы, ил.-из. лабор. иштейт. Кара металлургия, ма­шина куруу, металл иштетүү, хим., аскер ө. ж. өнүккөн. Эки ун-т бар. Музейлери: Иск-во ин­ту, Г. Форддун ж-а Гринфилд-виллиж. Д-ту 1701-ж. француздар негиздеген.