ДЕФЕКТОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕФЕКТОЛО́ГИЯ (лат. defectus – кемчилик ж-а ...логия) – майып ж-а кем акыл балдардын өсүшүнүн мыйзам ченемдерин ж-а өнүгүү өзгөчө­лүктөрүн, аларды окутуу ж-а тарбиялоо масе­лел ерин изилдөөчү и лим т армагы. Д-нын түрлөрү: сурдопедагогика – дүлөй, начар уккан балдарды тарбиялоо ж-а окутуу жолдорун, тиф­лопедагогика – сокур, көзү начар көргөн бал­дарды тарбиялоо ж-а окутуу маселелерин, оли­гофренопедагогика – акыл-эси кем балдарды тарбиялоо ж-а окутуу жолдорун, логопедия – балдардын сөзүндөгү кемчиликтерди оӊдоо жо­лун изилдейт. Д. неврология, патофизиология, патопсихология, жалпы пед. ж-а балдар психо­логиясы, электрфизиология, тил таануу ж. б. илимдер м-н байланыштуу. Кемтиктүү балдар­ды атайын адистер – дефектологдор окутат ж-а тарбиялайт. Аларды окуу жайлардын атайын ф-ттери, Кырг-нда И. Арабаев атн. КМУнун ал­дындагы педагогика ин-ту даярдайт.