ДЕФИНИЦИЯ
ДЕФИНИ́ЦИЯ , а н ы к т а м а (лат. definītio – түшүндүрүү, аныктоо) – окуп-үйрөнүлүүчү объектинин башкалардан айырмаланган орчундуу касиеттерин мүнөздөөгө мүмкүндүк берүүчү логикалык жыйынтык. Объектти окуп-үйрөнүүнүн натыйжасы тиешелүү түшүнүктөрдө чагылдырылгандыктан, Д-ны анын мазмунунун ачык ж-а кыска баяндалышы катары кароого болот. Д. – белгилүү бир логикалык талаптарга, эрежелерге жооп берүүчү сүйлөм же сүйлөмдөрдүн жыйындысы. Д. берилип жаткан түшүнүк аныкталуучу, ал эми аны аныктап турган сөздөр аныктоочу деп аталат. Д. билимдин эӊ маанилүү элементтеринин бири болуп эсептелген ил. түшүнүктөрдү окуп-үйрөнүүдө маанилүү роль ойнойт, к. Аныктама.