ДЕФО
ДЕФО́ Даниель (1660-ж. чен, Криплгейт – 26. 4. 1731, Мурфилдс) – англ. жазуучу, саясий ишмер, англис реалисттик романын баштоочу. Яков IIге каршы герцог Монмауттун козголоӊуна катышып, 1688–89-жылдагы «Даӊктуу революция» деп аталган мамл. төӊкөрүштү жактаган. «Таза кандуу англис» (1701) аттуу сатиралык ырында ж-а «Диссиденттерди жазалоонун эӊ оӊой жолу» (1702; бул чыгарма үчүн камакка алууга өкүм чыгарылган) памфлетинде ак сөөктөрдү, фанатизмди ашкерелесе, «Долбоордун тажрыйбасы» (1697) сыяктуу чыгармаларында бурж. өнүгүүнү жактаган. 1720–22-ж. «Жигиттин аӊгемеси», «Капитан Сингльтон», «Полковник Жактын тарыхы» деген романдарды жазган. Укмуштуу окуялуу романдарынын ичинен «Молль Флендерс» (1722) авантюралык чыгармасында өз табынан ажырагандардын – бурж. коомдон жапа чеккендердин кунарсыз турмушун чагылдырган. Д-нун белгилүү «Робинзон Крузонун укмуштуу окуялары» романы (1719) кыргыз тилине которулган (1964).
Ад.: Урнов Д. М. Дефо. М., 1990.