ДЕФОРМАЦИЯ (бузулуу, өзгөрүү)
ДЕФОРМА́ЦИЯ (лат. deformatio – бузулуу, өзгөрүү) – сырткы аракеттин же ички күчтүн натыйжасында нерсенин формасынын ж-а өлчөмүнүн өзгөрүшү. Бардык катуу, суюк, газ абалындагы заттар Д-ланат. Д. бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүү күчтөрүн өзгөртүп, мех. чыӊалыштын пайда болуусуна алып келет. Д. мех. күчтүн, жылуулуктун, магнит же электр талааларынын ж. б. аракеттин натыйжасында болот. Катуу нерсеге аракет кылган күч алынып ташталганда толук жоюлган Д. с е р п и лг и ч т ү ү, толук сакталганы п л а с т и к ал у у, ал эми чала жоюлганы с е р п и л г и ч п л а с т и к а л у у деп аталат. Эгерде турактуу күчтүн аракети м-н Д. убакыт б-ча өссө ж-а күч алынып ташталганда, процесс кайрылып нөлгө умтулса, аны и л э э ш к е к т ү ү Д. дейт. Кристаллдагы Д. механизмдеринин бири – дислокациянын кыймылы ж-а көбөйүүсү. Д-нын жөнөкөй түрү – салыштырмалуу узаруу ж-а жылышуу. Өзөктүн же чөйрөнүн жипчесинин узундугунун өзгөрүүсүнүн баштапкы узундугуна болгон катышына барабар чоӊдук салыштырмалуу узаруу деп аталат: ε=(l–l0)/l0=∆l/l0, мында l0– баштапкы узаруу, ал эми (l–l )/l =∆l/l – салыштырмалуу узаруу болот. Бир чекиттен чыккан, өз ара тик бурчтуу эки жөнөкөй жипчелердин арасындагы бурчтун өзгөрүүсүн жылы- шуу дейт. Эгерде салыштырмалуу узаруу ж-а жылышуу бирден кичине болсо, Д. кичине деп аталат. Д-ны өлчөө (магниттик, электрдик, мех. ж. б.) нерсенин белгиленген чекиттеринин ортосундагы аралыкты ж-а жаралган натыйжаны түз же кыйыр өлчөөгө негизделген. Д-нын эӊ жөнөкөй түрлөрү – созулуу, кысылуу, ийилүү ж-а толгонуу.