ВАМБЕРИ
В́АМБЕРИ Армин, (Герман) [болжолу 19. 3. 1832, Сен-Георген (азыркы Братиславага жакын) – 15. 9. 1913, Будапешт] – венгр түрк таануучусу, О. Азияны изилдөөчү, филолог, этнограф, журналист. Дунасердахейдеги (Венгрия) еврей мектебинде, кийин Сен-Георген ж-а Пресбургдагы католик коллегияларында окуган. 1857-ж. Стамбулга барып, немец басма сөзүндө алгачкы макалаларын Решид-эфенди деген ат м-н жарыялаган ж-а ал жерде ушул ысым м-н белгилүү болгон. 1861-ж. Пешт академиясына корр. мүчө болуп шайланат. Ошол эле жылы О. Азияга венгрлердин байыркы мекенин аныктоого жиберилет. 1863–64-ж. зыяратчы ажылардын кербени м-н дербишче кийинип алып, О. Азияны кыдырып, Хива, Бухара, Самарканд ш-на барат. Навои, Махтумкули ж. б. акындардын ырларын, эл оозунан санжыра-кептерди жазып алган, Бухара эмирлеринин китепканалары м-н таанышкан, фарсы кол жазмаларын чогулткан. 1865-ж. европ. тилдерге которулган «Орто Азияга саякат» аттуу эмгеги жарык көргөн. Анда О. Азия элдеринин турмуш-тиричилиги, чарбасы, мад-ты ж-а табияты тууралуу маалыматтар чагылдырылган. Эчен ирет Англияга чыгыш тилдери б-ча лекция окууга чакырышкан. Ал 30га жакын тил (европ., байыркы ж-а чыгыш) билген. Немец-түрк (1858) ж-а чагатай (1860) сөздүктөрүн, түрк тилдеринин этимологиялык сөздүгүн (1877), түрк ж-а финн-угор филологиясы, этнография ж-а этнос тарыхы, чыгыш маселелери б-ча макалалардын ж-а китептердин автору. «Шейбаниада» поэмасын которуп ж-а комментарийлеген (1885). Венгр тилинин түрк тилдери м-н жакындыгын далилдөөгө аракеттенген.