ДЗОТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЗОТ («дерево-земляная огневая точка» деген орусча сөздөрдүн баш тамгаларынан курал­ган) – согуш талаасындагы коргонуучу жай. Термин алгач 1939–40-ж. Совет-финн согушун­да пайда болгон. Улуу Ата Мекендик согушта жыгачтан жасалып, топурак м-н жабылган ок атуучу жайлар Д. деп аталган. Согуштан ки­йин ок атуу чекиттери өӊүттөгү курал катары эсептелип калгандыктан, бул термин колдонуу­дан алынган.