ДЗЮДО
ДЗЮДО́ (япончо дзю – жумшактык, до –
жол) – спорт күрөшүнүн бир түрү. 19-к-дын аягында Японияда жиу-жицудан өркүндөтүлүп, спортко айландырылган. 1882-ж. япондук окумуштуу Дзигоро Кано негиздеген. Машыгуу булчуӊдарды ж-а муундардын кыймылдуулугун
өөрчүтүүчү көнүгүүлөрдөн, аны өнөгү м-н иштеп
чыгуудан ж-а үйрөнгөнүн бышыктоодон турат. Кооптуулуктан сактоо көнүгүүлөрүнө өзгөчө кө-
ӊүл бөлүнөт. Д-до талуу жерге уруу, муундарды толгоо, муунтуу ж. б. ыкмаларга уруксат берилет. Д. өзүн коргоонун ж-а кол салуунун өркүндөтүлүп, спортко айландырылган япондук системасы. Спортсмендерге «кю» (разряд) даражалары (6-кенжеден 1-жогоркуга чейин) ыйгарылат. Даражаларына ылайык түрдүү түстөгү белбоо тагынышат (мис., 6дан 4-гө чейинки даражадагылар – ак, 3төн 1ге чейинкилер – күрөӊ).
Өнөрүн андан ары өркүндөткөндөр «1-дан» (чеберчиликтин 1-деӊгээли) алат да, кара түстөгү белбоо тагынуу укугуна ээ болот. Кара белбоо ээ болгондордун 10 даражасы белгилүү. Мыкты спортчулар 7-данга гана жетиши мүмкүн. Ал эми калган даражалар адм. иш-чаралар ж-а Д-го кошкон салымы үчүн ыйгарылат. 1-дан даражасы б-ча спорт чебери м-н бирдей. Алгач машыгуулар ж-а мелдештер жерге төшөлгөн саман маталарда (татами) өткөн. Учурда татами заманбап материалдардан жасалат. Машыгуучу
«дзюдоги» (кимоно) ж-а шым кийип, белбоо курчaнат. Дүйнөгө Д. алгач 1930-жылдардан, 2-дүйнөлүк согуштан кийин кеӊири тарай баштаган. Д-нун Эл аралык федерациясы 1952-ж. түзүлүп,

150 мамлекетти бириктирет. Д. б-ча Европа чемпионаты 1951-жылдан, дүйнөнүкү 1956-жылдан (Токио) өткөрүлүп келет. Ал 1964-жылдан баштап Олимпия оюндарынын программасына кирген. Мелдешке катышуучулар 60, 66, 73, 81, 90,100 кг ж-а андан жогорку чоӊ салмактарга бөлүнөт. Д-нун айрым ыкмалары самбо күрөшүнө окшош. Кырг-нда Д-ну А. Г. Задворный негиздеген, 1973-жылдан өнүгө баштаган. Көрүган жерди кармалап ж-а каккылап көрүү, зонд жуткуруу, рентгеноскопиялык ж-а графиктик изилдөөлөр.