ДИАЗОНИЙ ТУЗДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАЗО́НИЙ ТУЗДАРЫ – курамында азоттун эки атому бар орг. бирикмелер тобу. Жалпы формуласы: [Ar–N≡N]+Х(мында Ar –аромат­туу же гетероциклдүү радикал; Х – күчтүү к-та­лардын калдыгы ж. б.). Түссүз катуу заттар, суу­да жакшы эрийт; борфторидинен башкасы жа­рылгыч. Д. т. галогендин анионуна ж-а диазо­нийдин катионуна диссоциацияланат. Аромат­тык Д. т. башка ароматтык бирикмелерге кара­ганда реакцияга өтө жөндөмдүү. Галогендүү туз­дары айрым элементтердин галогендүү туздары

м-н кош туздарды пайда кылат. Булар жездин майда күкүмдөрүнүн таасири м-н ароматтык элемент орг. бирикмелерге айланат. Д. т. күчтүү к-танын чөйрөсүндө ароматтык биринчилик аминдерге NaNО2 таасир кылуудан алынат: + + C2H5NH2+NaNO2+2HCl→C6H5N ≡NCl NaCl+2H2O.
Ал ар түрдүү боёкторду, бензолдун ж-а анын гомологдорунун туундуларын синтездөөдө кол­донулат.