ДИАЗОТТОО
ДИАЗОТТОО – минералдык к-талардын (НCl, H2SO4, HNO3) катышуусу м-н биринчилик ароматтык аминдерге NaNO2ни таасир кылып, диазобирикмелерди алуу реакциясы: C6H5–NH2+ +NaNO2+HCl →C6H5N2Cl+NaCl+2H2O. Д. сууда, концент-ланган к-тада, айрым учурда суусуз чөйрөдө 0–5°Сде жүргүзүлөт. Ароматтык аминдерди Д. орг. синтезде диазоний туздарын, азобоёкторду алууда колдонулат.