ДИАЗОТТОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАЗОТТОО – минералдык к-талардын (НCl, H2SO4, HNO3) катышуусу м-н биринчилик аро­маттык аминдерге NaNO2ни таасир кылып, диа­зобирикмелерди алуу реакциясы: C6H5–NH2+ +NaNO2+HCl →C6H5N2Cl+NaCl+2H2O. Д. сууда, концент-ланган к-тада, айрым учурда суусуз чөйрөдө 0–5°Сде жүргүзүлөт. Ароматтык амин­дерди Д. орг. синтезде диазоний туздарын, азо­боёкторду алууда колдонулат.